Самбо күрѳшү боюнча ИИМдин Чемпионаты болуп өттү.

2017-жылдын 26-28 апрелинде Ош шаарында  Кыргыз Республикасынын ИИМнин   2010 жылы апрель жана июнь окуяларында курман болгон кызматкерлердин жаркын элесине арналган самбо күрѳшү боюнча ИИМдин Чемпионаты  болуп өттү.

         Мелдешке  Кыргыз Республикасынын ИИМнин “Шумкар” атайын багыттагы полку, МАККББ, Академия,  Бишкек шаардык жана Чуй областтык ИИББ, Ош шаардык жана областык ИИБнан келген 13 курама командасынын  91  кызматкери  7 салмактык даражада  күч сынашты. 

         Мелдештин аягында калыстар тобунун чечими менен, жеке өздүк эсеби боюнча 62,68,74,82,90,100 жана 100кг. ашык даража салмактагы балбандар  3,2 жана 1 орунду  ээлегендиги  үчүн акчалай сыйлыктар, ар түрдүү даражадагы диплом жана спорттук медальдар менен сыйланышты.

Жалпы командалык эсепте:

-III- орунду ээлегендиги  үчүн   III - даражадагы диплом жана Кубок менен Бишкек шаардык ИИББнын курама командасы сыйланды;

-II- орунду ээлегендиги  үчүн   II - даражадагы диплом жана Кубок менен Ош шаардык ИИБнын курама командасы сыйланды;

-I- орунду ээлегендиги  үчүн   I - даражадагы диплом жана Кубок менен ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун командасы сыйланды.

         Чемпионаттын салтанаттуу жабылышында ИИМдин Кесиптик жана дене-тарбия даярдык боюнча башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Т. Мадалиев жана Ош облусттук, ИИБнын башчысы милициянын полковниги М. Боронов жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырышты.

 

 



Контактные телефоны ОО КФСО «Динамо»:
Приемная: (0312) 541924 (факс)
Директор Южного спорткомплекса: 54-57-67
Директор Северного спорткомплекса: 0772 31-16-61
Главный бухгалтер: 54-04-96
e-mail: kfsodinamo@mail.ru
Мы с социальных сетях:
    


Все права принадлежат КФСО ДИНАМО
Бишкек, 2012 - 2024 год