ИИМдин Борбордук аппаратынын Самбо күрѳшү боюнча Биринчилиги болуп өттү.
2017-жылдын 14-15-апрелинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Динамо» спорт залында ИИМдин Борбордук аппаратынын Самбо күрѳшү боюнча Биринчилиги болуп өттү. Бул мелдешке 30 кызматкерден турган 8 команда катышты. Мелдешке катышкан кызматкерлер 62кг,чейин 68кг, чейин 74кг, чейин 82кг, чейин 90кг, чейин 100кг, жана 100кг жогорку салмактарда күч сынашышты.
- 62 кг.чейинки салмактык даражада жеке өздүк эсеби боюнча - I- орунду ээлегендиги үчүн 1000 (бир миң) сом акчалай сыйлык, I- даражадагы диплом менен Кулбаев Нурбек( ФЧКББ) сыйланат;
- 68 кг.чейинки салмактык даражада жеке өздүк эсеби боюнча - I- орунду ээлегендиги үчүн 1000 (бир миң) сом акчалай сыйлык, I- даражадагы диплом менен Темирбек уулу Медет( ФЧКББ) сыйланат;
- 74 кг.чейинки салмактык даражада жеке өздүк эсеби боюнча - I- орунду ээлегендиги үчүн 1000 (бир миң) сом акчалай сыйлык, I- даражадагы диплом менен Мансурходжаев Алишер(КДДБ) сыйланат;
- 82 кг.чейинки салмактык даражада жеке өздүк эсеби боюнча - I- орунду ээлегендиги үчүн 1000 (бир миң) сом акчалай сыйлык, I- даражадагы диплом менен Эсенаманов Анвар(ТИИБ) сыйланат;
- 90 кг.чейинки салмактык даражада жеке өздүк эсеби боюнча - I- орунду ээлегендиги үчүн 1000 (бир миң) сом акчалай сыйлык, I- даражадагы диплом менен Мухтаров Рустам(ИТББ) сыйланат;
- 100 кг.чейинки салмактык даражада жеке өздүк эсеби боюнча - I- орунду ээлегендиги үчүн 1000 (бир миң) сом акчалай сыйлык, I- даражадагы диплом менен Эргешов Алмаз (10-ББ) сыйланат;
- 100 кг.жогорку салмактык даражада жеке өздүк эсеби боюнча - I- орунду ээлегендиги үчүн 1000 (бир миң) сом акчалай сыйлык, I- даражадагы диплом менен Бурканов Алмухамед (РОБ) сыйланат;
Жалпы командалык эсепте:
-III- орунду ээлегендиги үчүн III - даражадагы диплом менен ИИМдин ТИИБнын командасы сыйланды;
-II- орунду ээлегендиги үчүн II - даражадагы диплом менен ИИМдин РОБнун командасы сыйланды;
-I- орунду ээлегендиги үчүн I - даражадагы диплом жана Кубок менен ИИМдин ФЧКББнын командасы сыйланды.
ИИМдин борбордук аппаратынын самбо күрѳшү боюнча Биринчилигинин салтанаттуу жабылышында ИИМдин Кесиптик жана дене-тарбия боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын подполковниги А. Ибраев жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды.