Күрѳш боюнча Биринчилиги
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде 2017-жылга карата түзүлгѳн календардык иш-мерчеминин негизинде 2017-жылдын 10-11-майында Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Динамо» спорт залында ИИМдин Борбордук аппаратынын Күрѳш боюнча Биринчилиги болуп өттү.
Бул мелдешке 40 кызматкерден турган 8 команда катышты. Мелдешке катышкан кызматкерлер 62кг,чейин 68кг, чейин 74кг, чейин 82кг, чейин 90кг, чейин 100кг, жана 100кг жогорку салмактарда күч сынашышты.
62 кг.чейинки салмактык даражада жеке өздүк эсеби боюнча - I- орунду ээлегендиги үчүн 1000 (бир миң) сом акчалай сыйлык, I- даражадагы диплом менен Шамшиев А.Т.( РОБ) сыйланат;
68 кг.чейинки салмактык даражада жеке өздүк эсеби боюнча - I- орунду ээлегендиги үчүн 1000 (бир миң) сом акчалай сыйлык, I- даражадагы диплом менен Субанбеков Б.А. ( РОБ) сыйланат;
74 кг.чейинки салмактык даражада жеке өздүк эсеби боюнча - I- орунду ээлегендиги үчүн 1000 (бир миң) сом акчалай сыйлык, I- даражадагы диплом менен Бакытов Э.Б. (РОБ) сыйланат;
82 кг.чейинки салмактык даражада жеке өздүк эсеби боюнча - I- орунду ээлегендиги үчүн 1000 (бир миң) сом акчалай сыйлык, I- даражадагы диплом менен Чокеев И.К.(РОБ) сыйланат;
90 кг.чейинки салмактык даражада жеке өздүк эсеби боюнча - I- орунду ээлегендиги үчүн 1000 (бир миң) сом акчалай сыйлык, I- даражадагы диплом менен Мухтаров Р.А. (ИТББ) сыйланат;
100 кг.чейинки салмактык даражада жеке өздүк эсеби боюнча - I- орунду ээлегендиги үчүн 1000 (бир миң) сом акчалай сыйлык, I- даражадагы диплом менен Эргешов А. (10-ББ) сыйланат;
100 кг.жогорку салмактык даражада жеке өздүк эсеби боюнча - I- орунду ээлегендиги үчүн 1000 (бир миң) сом акчалай сыйлык, I- даражадагы диплом менен Эркинбеков У.А. (РОБ) сыйланат;
Жалпы командалык эсепте:
-III- орунду ээлегендиги үчүн III - даражадагы диплом менен ИИМдин ПМББнын командасы сыйланды;
-II- орунду ээлегендиги үчүн II - даражадагы диплом менен ИИМдин ФЧКББнун командасы сыйланды;
-I- орунду ээлегендиги үчүн I - даражадагы диплом жана Кубок менен ИИМдин РОБнын командасы сыйланды.
ИИМдин борбордук аппаратынын Күрѳш боюнча Биринчилигинин салтанаттуу жабылышында Кыргыз Республикасынын эмгек синирген машыктыруучусу жана спорт чебери Тукеев Э. жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды.