23-30 январь 2017ж.

“ДЕН-СООЛУК” СПАРТАКИАДАСЫНЫН АЛКАГЫНДА МУГАЛИМДЕР АРАСЫНДА ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ БОЛУП ӨТТҮ

23-январдан 30-январга чейин массалык-спорт жана ден-соолукту чыңдоо боюнча республикалык “Жаштык” борборунда Жогорку окуу жайлардын окутуучулар арасында «Ден соолук” спартакиадасынын алкагында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Ар жыл сайын салтка айланган бул мелдеш быйыл да аябай жогорку деңгээлде өтүп, 8 Жогорку окуу жайларынын окутуучуларынан куралган командалар мөөрөй талашты.
Бир жумага созулган курч таймашуулардын жыйнтыгында биринчи орунду ИИМдин Республикалык окуу борборунун командасы жеңип алып, биринчи даражадагы дипломдор, алтын медалдар жана спорттук костюмдар менен сыйланды. Ошондой эле аларга 23-30-июнда көгүлтүр Ысык-Көлдө өтө турган финалдык беттешүүлөргө жолдомо ыйгарылды. Байгелүү экинчи орунду И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин командасы камсыз кылып, 2-даражадагы диплом, медалдар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Үчүнчү орунду жана коло байгени Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин окутуучулары жеңип алышты. Бул мелдешке катышкан Республикалык окуу борборунун командасын милициянын капитаны Кыялбек Орозалиев баштап барып, алар чеберчиликтерин көрсөтүштү.



Контактные телефоны ОО КФСО «Динамо»:
Приемная: (0312) 541924 (факс)
Директор Южного спорткомплекса: 54-57-67
Директор Северного спорткомплекса: 0772 31-16-61
Главный бухгалтер: 54-04-96
e-mail: kfsodinamo@mail.ru
Мы с социальных сетях:
    


Все права принадлежат КФСО ДИНАМО
Бишкек, 2012 - 2024 год