1-ноябрда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин клубунда Кыргыз милициясынын 99 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү.

1-ноябрда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин клубунда Кыргыз милициясынын 99 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү. Бул жыйында Кыргыз милициясынын күнүнө  арналган Динамиаданын жана  2023-жылдын жыйынтыгы менен дене - тарбия жана спорт тармагындагы “Ички иштер органдарынын  мыкты бөлүмү” кароо-сынагынын женүүчүлөрү сыйланды. 

 

Динамиаданын жыйынтыктары:

III – орунду ээлегендиги үчүн  III даражадагы диплом, кубок жана  18000 (он сегиз миӊ) сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин

Атайын багыттагы полку курама командасы

 

II – орунду ээлегендиги үчүн  II даражадагы диплом, кубок жана  20000 (жыйырма миӊ) сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин

Академия  курама командасы 

 

I – байгелүү орунду ээлегендиги  үчүн  I даражадагы диплом, кубок жана 25000 (жыйырма беш миӊ) сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин

Күзѳт кызматы  курама командасы  сыйланды

 

2023-жылдын жыйынтыгы менен  дене - тарбия жана спорт тармагында Кыргыз Республикасынын “Ички иштер органдарынын мыкты бөлүмү”сынагынын жыйынтыгы:

 

3 орун алгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзѳт кызматы  курама командасы 50000 сомдук акчалай сыйлык менен сыйланды

 

2 орун алгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын курама командасы 100000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды

 

1 орун алгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полку  курама командасы 150000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды

 

Сыйлоону Министр -  Кыргыз дене-тарбия спорт “Динамо” Коомдук Бирикмесинин төрагасы, милициянын генерал-лейтенанты Ниязбеков Улан Омоканович жүргүздү.



12345
Контактные телефоны ОО КФСО «Динамо»:
Приемная: (0312) 541924 (факс)
Директор Южного спорткомплекса: 54-57-67
Директор Северного спорткомплекса: 0772 31-16-61
Главный бухгалтер: 54-04-96
e-mail: kfsodinamo@mail.ru
Мы с социальных сетях:
    


Все права принадлежат КФСО ДИНАМО
Бишкек, 2012 - 2024 год