21-22-февраль 2017-жыл

КЫЗМАТ УЧУРУНДА КАЗА БОЛГОН КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН САМБО БОЮНЧА МЕЛДЕШ БОЛУП ӨТТҮ

Ички иштер органдарынын атайын багыттагы бөлүктөрдүн кызматкерлеринин, ок атуу жана дене-тарбия даярдыгын жогорулатуу максатында, ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун бөлүктөр арасында 2017-жылдын 21-22-февралында “Динамо” спорттук клубунда, кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин жаркын элесине арналган мелдеш өткөрүлүп жыйынтыгы чыгарылып байгелүү орундар аныкталды.
Мелдештин жабылуу аземине ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Курсан Асанов катышып мелдештин катышуучуларына ийгилик каалап, байгелүү орундарды камсыз кылган кызматкерлерге, жана командалык эсеп менен байгелүү орундарда ээлеген командаларга белек тапшырып, кызматкерлердин спорттук жетишкендиктерине жана күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткаруудагы тайманбастыкты каалады.

- Батальона № 1-1 команда;
- Батальон № 2- 1 команда;
- Батальон № 3- 1 команда;
- АОО (атайын багыттагы отряд)№1-2 командалары;
- АОО №2-1команда;
- ӨР ш. Жалал-Абад, 5 отдел АОО № 2 Жалал-Абад ш - 1 команда;
- ӨР ш. Баткен, 4 отдел, АОО № 2 Баткен ш.- 1 команда;
- ӨР ш. Балыкчы , 7 отдел АОО № 1 Каракол ш.- 1 команда.

Мелдешке катышкан кызматкерлер 68кг, чейин 74кг, чейин 82кг, чейин 90кг, чейин 100кг, жана 100кг жогорку салмактарда күч сынашышты.
Мелдештин жыйынтыгында байгелүү орундарды камсыз кылган кызматкерлер, 1,2,3 даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Бул мелдештин дагы бир артыкчылыгы ар кайсы салмактагы биринчи орунду камсыз кылган кызматкерлер “Кызыл берет” менен сыйланды. “Кызыл берет” бул атайын багыттагы бөлүкчөлөрдүн бирден бир символу болуп эсептелет.
Биринчи орунду - 68кг. Мурзабаев Эмилбек (Жалал-Абад), - 74кг. Касмалиев Дастан (ОСО № 1), - 82кг. Орозакунов Саламат (ОСО №1), - 90кг. Чалабаев Чынгыз (Батальон 1),- 100кг. Шаршенбеков Кайрат( ОСО № 1), 100 кгдан жогорку салмакта . Нурлан уулу Таалай (Батальон № 1) ээледи.
Экинчи орунду - 68 кг. Божоев Субанбек (ОСО № 1), - 74кг. Адылбеков Асылбек (Жалал-Абад), - 82кг. Карим уулу Ариэт( Батальон № 2),- 90кг. Эшимбетов Толкун (ОСО № 1), - 100кг. Чормонов Айдарбек (Жалал-Абад),100 кгдан жогорку салмакта Жээналиев Аманбай (Батальон № 2) үчүнчү орунду - 68кг. Табалдиев Азат (Ысык Көл), Акылбек уулу Равшанбек (Баткен)
- 74кг. Садырбек уулу Кадыркул (ОСО № 1), Сабыров Саламат (Ысык Көл).
- 82кг. Жолчуев Эсеналы ОСО № 1, Абдираим уулу Уларбек ОСО № 2
- 90кг. Эргашев Бекмырза (ОСО № 2), Абдилаким уулу Нурсултан (Ош)
- 100кг. Таиров Арамат (Жалал-Абад), Таалайбеков Темирлан (ОСО №1)
100кгдан жогору. Мамадалиев Медер (ОСО №1), Набиев Уланбек (Баткен).
Ал эми командалык эсеп боюнча:
биринчи орунду
№1 атайын ыкчамотрядынын командасы ээледи (Бишкек ш.)
экинчи орунду Жалал-Абад өзүнчө ротасынын командасы.

үчүнчү орунду 2- батальондун командасы (Бишкек ш).
Командалык эсеп боюнча байгелүү орундарды камсыз кылган командалар кубок жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.



Контактные телефоны ОО КФСО «Динамо»:
Приемная: (0312) 541924 (факс)
Директор Южного спорткомплекса: 54-57-67
Директор Северного спорткомплекса: 0772 31-16-61
Главный бухгалтер: 54-04-96
e-mail: kfsodinamo@mail.ru
Мы с социальных сетях:
    


Все права принадлежат КФСО ДИНАМО
Бишкек, 2012 - 2024 год