ИИМдин кызматтык көп түрдүүлүк боюнча Чемпионаты болуп өттү

2017-жылдын 30-31-мартында Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Динамо» түндүк спорттук базасында  ИИМдин кызматтык көп түрдүүлүк боюнча Чемпионаты  болуп өттү. Бул мелдеш дени сак жашоого үндөө, ички иштер органдарынын кесиптик, дене-тарбиялык даярдыктарын ѳркүндѳтүү максатында ѳткѳрүлдү.        

         Кызматтык көп түрдүүлүк боюнча мелдештин ачылыш аземинде ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору С.Өмүрзаков мелдештин катышуучуларына ийгилик каалады.  

         Эркектер арасында мелдеш эки жаш курак  категорияда  (40 жашка чейин жана 41 жаштан жогору) жана  кыз - келиндер арасында мелдеш эки жаш курак  категорияда  (25 жашка чейин жана 26 жаштан жогору) өткөрүлдү.  
         Эркектер арасында мелдеш  эки ок атуучу багыты бар 1500 м. аралыкка жеңил атлетикалык кроссу менен биатлон , алыстыкка граната ыргытуу  жана 3000 м. аралыкка кроссто чуркоо менен өттү.

         Кыз-келиндар арасында мелдеш эки ок атуучу багыты бар 1000 м. аралыкка женил атлетикалык кроссу менен биатлон  жана 1000 м. аралыкка кроссто чуркоо менен өттү.

         Чемпионатка  катышкан  Кыргыз Республикасынын ИИМдин  борбордук аппаратынын жана бардык областтык ИИББ, ИИБ, МАККББ, АБП жана Академиясынын 13 курама командалары күчтүү даярдыктарын көргөзүшүп, мелдештин жыйынтыгы боюнча Калыстар тобунун чечими менен:

         25 жашка чейинки курактагы кыз-келиндер  арасында  мелдеште жеке өздүк эсеби боюнча:

          - III- орунду ээлегендиги үчүн 600 (алты жүз) сом акчалай сыйлык, III- даражадагы диплом жана спорттук медаль менен милициянын лейтенанты Мыктыбекова Айжан сыйланды;

         - II- орунду ээлегендиги үчүн 800 (сегиз жүз) сом акчалай сыйлык, II- даражадагы диплом жана спорттук медаль менен ИИМ Академиясынын курсанты Нарынбек кызы Бермет сыйланды;

         - I- орунду ээлегендиги үчүн 1000 (миң) сом акчалай сыйлык, I- даражадагы диплом жана спорттук медаль менен милициянын лейтенанты Бахтияр кызы Нурзат сыйланды;

         26 жаштан жогорку  курактагы кыз-келиндер  арасында  мелдеште жеке өздүк эсеби боюнча:

          - III- орунду ээлегендиги үчүн 600 (алты жүз) сом акчалай сыйлык, III- даражадагы диплом жана спорттук медаль менен милициянын капитаны Середа Светлана Николаевна сыйланды;

         - II- орунду ээлегендиги үчүн 800 (сегиз жүз) сом акчалай сыйлык, II- даражадагы диплом жана спорттук медаль менен милициянын лейтенанты Абдилманап кызы Бүбүсайра сыйланды;

         - I- орунду ээлегендиги үчүн 1000 (миң) сом акчалай сыйлык, I- даражадагы диплом жана спорттук медаль менен милициянын лейтенанты Асаналиева Аида Эсенбековна сыйланды;

 

         эркектердин 41 жаштан жогорку курактагылардын арасында мелдеште жеке өздүк эсеби боюнча:

         - III- орунду ээлегендиги үчүн 600 (алты жүз) сом акчалай сыйлык, III- даражадагы диплом жана спорттук медаль менен милициянын  подполковниги Раимкулов Зарылбек Кадыржанович сыйланды;

         - II- орунду ээлегендиги үчүн 800 (сегиз жүз) сом акчалай сыйлык, II- даражадагы диплом жана спорттук медаль менен милициянын подполковниги Чалабаев Изаатбек Өмурович сыйланды;

         - I - орунду ээлегендиги үчүн 1000 (миң) сом акчалай сыйлык, I- даражадагы диплом жана спорттук медаль менен милициянын майору Качкынов Улан Абдымаликович сыйланды;

         эркектердин 40  жашка чейинки  курактагылардын арасында мелдеште жеке өздүк эсеби боюнча:

         - III- орунду ээлегендиги үчүн 600 (алты жүз) сом акчалай сыйлык, III- даражадагы диплом жана спорттук медаль менен милициянын лейтенанты Суйүналиев Жыргалбек Өзүбекович сыйланды;

         - II- орунду ээлегендиги үчүн 800 (сегиз жүз) сом акчалай сыйлык, II- даражадагы диплом жана спорттук медаль менен милициянын лейтенанты Мойдинов Чынгыз Нурдинович сыйланды;

         - I- орунду ээлегендиги үчүн 1000 (миң) сом акчалай сыйлык, I- даражадагы диплом жана спорттук медаль менен милициянын подполковниги Абакиров Алмаз Темирбекович сыйланды;

        

         Жалпы командалык эсепте:

         III- орунду ээлегендиги үчүн  4000 (төрт миң) сом акчалай сыйлык, III- даражадагы диплом жана Кубок менен ИИМдин Академиясынын    командасы сыйланды;

         - II- орунду ээлегендиги үчүн  5000 (беш миң) сом акчалай сыйлык, II- даражадагы диплом жана Кубок менен ИИМдин атайын багыттагы полкунун  командасы сыйланды;

         - I- орунду ээлегендиги үчүн  7000 (жети миң) сом акчалай сыйлык, I- даражадагы диплом жана Кубок менен Бишкек шаарынын ИИББнын курама    командасы сыйланды;

         Кыргыз Республикасынын ИИМнин кызматтык көп түрдүүлүк боюнча Чемпионатынын салтанаттуу жабылышында ички иштер министринин  орун басары милициянын генерал-майору К. Асанов  мелдештин катышуучуларына сыйлыктарды тапшырды.  

 

 

 



Контактные телефоны ОО КФСО «Динамо»:
Приемная: (0312) 541924 (факс)
Директор Южного спорткомплекса: 54-57-67
Директор Северного спорткомплекса: 0772 31-16-61
Главный бухгалтер: 54-04-96
e-mail: kfsodinamo@mail.ru
Мы с социальных сетях:
    


Все права принадлежат КФСО ДИНАМО
Бишкек, 2012 - 2024 год