ИИМдин борбордук аппаратынын кызматтык көп түрдүүлүк боюнча Биринчилиги болуп өттү

2017-жылдын 16-17-мартында Кыргыз Республикасынын ИИМнин «Динамо» түндүк спорттук базасында  «Ыйман, адеп жана маданият» жылына арналган ИИМдин борбордук аппаратынын кызматтык көп түрдүүлүк боюнча Биринчилиги  болуп өттү

        Бул мелдешке  40  кызматкерден турган 15 команда катышты.  Эркектер арасында мелдеш эки жаш курак  категорияда  (40 жашка чейин жана 40 жаштан жогору),  кыз - келиндер арасында мелдеш жаш курагы чектелбестен өткөрүлдү.

         Эркектер арасында мелдеш  эки ок атуучу багыты бар 1500 м. аралыкка жеңил атлетикалык кроссу менен биатлон боюнча, алыстыкка граната ыргытуу  жана 3000 м. аралыкка кроссто чуркоо менен өттү.

         Кыз-келиндар арасында мелдеш эки ок атуучу багыты бар 1000 м. аралыкка женил атлетикалык кроссу менен биатлон боюнча жана 1000 м. аралыкка кроссто чуркоо менен өттү.

    Биринчиликке  катышкан  ИИМдин БА командаларынын арасындагы

мелдештин жыйынтыгы боюнча Калыстар комиссиясынын чечими менен:

         кыз-келиндер  арасында  мелдеште жеке өздүк эсеби боюнча:

         - II- орунду ээлегендиги үчүн  II- даражадагы диплом менен  Асанбекова Махабат  сыйланды (ККББ);

- I- орунду ээлегендиги үчүн 1000 (бир миң) сом акчалай сыйлык жана I- даражадагы диплом менен Омуралиева Айжан сыйланды (РОБ);

эркектердин 41 жаштан жогорку курактагылардын арасында мелдеште жеке өздүк эсеби боюнча:

- III- орунду ээлегендиги үчүн III- даражадагы диплом менен Бабаяров Эркин сыйланды (ФЧКББ);

- II- орунду ээлегендиги үчүн II- даражадагы диплом менен Акунбаев Темирбек сыйланды (КББ);

- I- орунду ээлегендиги үчүн 1000 (бир миң) сом акчалай сыйлык жана I- даражадагы диплом менен Чалабаев Изаатбек сыйланды (КДДБ);

эркектердин 40  жашка чейинки  курактагылардын арасында мелдеште жеке өздүк эсеби боюнча:

- III- орунду ээлегендиги үчүн III- даражадагы диплом менен Казыбаев Азамат сыйланды (МФК);

- II- орунду ээлегендиги үчүн  II- даражадагы диплом менен Абдисалам уулу Бакыт сыйланды (ЖУАБ);

- I- орунду ээлегендиги үчүн 1000 (бир миң) сом акчалай сыйлык жана I- даражадагы диплом менен Темирбек уулу М. сыйланды (ФЧКББ);

Жалпы командалык эсепте:

-III- орунду ээлегендиги  үчүн   III - даражадагы диплом менен ИИМдин  ФЧКББнын командасы сыйланды;

-II- орунду ээлегендиги  үчүн   II - даражадагы диплом менен ИИМдин РОБнун командасы сыйланды;

-I- орунду ээлегендиги  үчүн   I - даражадагы диплом жана Кубок менен ИИМдин КББнын командасы сыйланды.

          ИИМдин борбордук аппаратынын кызматтык көп түрдүүлүк боюнча Биринчилигинин салтанаттуу жабылышында ИИМдин Кесиптик жана дене-тарбия боюнча башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Т. Мадалиев жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды.



Контактные телефоны ОО КФСО «Динамо»:
Приемная: (0312) 541924 (факс)
Директор Южного спорткомплекса: 54-57-67
Директор Северного спорткомплекса: 0772 31-16-61
Главный бухгалтер: 54-04-96
e-mail: kfsodinamo@mail.ru
Мы с социальных сетях:
    


Все права принадлежат КФСО ДИНАМО
Бишкек, 2012 - 2024 год