17 февраль 2015 г.

Кыргыз Республикасынын окмотунун 2013-жылдын 30-апрелиндеги №220-токтомунун негизинде республиканын бардык ички иштер органдарынын вздук курамын кесиптик кужурмендуулукко даярдоо боюнча иш алып барган кызматкерлер учун атайын сабактарды уюштуруп, алардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында 2015-жылдын 17-февралынан 21-февралына чейин семинар-тренинг откоруу жонундо ИИМ министринин биринчи орун басары, милициянын полковниги Нурбай Касымбаев буйрук чыгарган.

Аталган иш-чарага ИИМдин бардык тармактарынан келген 42 кызматкер катышты. 18-февраль куну ИИМдин музейинде кесиптик кызматтык даярдоо жана теориялык сабактар боюнча окутууну ИИМдин Окуу-машыгуу борборунун башчысы, милициянын полковниги Т.Мадалиев жана анын кызматкерлери откорушту. Семинар учурунда кызматкерлер тарабынан кептеген суроолор жаралды. Мисалы, Ош ЩИИБын кесип­тик кызматкерлерди даярдоо тармагында бир эле кызматкер бар экени, ошол себептен Ош ШИИБ бул жагынан аксап жатканы айтылды. Т.Мадалиев оз созундо Ош ШИИБы ушул учурда чындыгында кесиптик даярдоо жагынан артта калганын, мурда болсо Ош ШИИБ ар качан биринчи орунга татып келгенйн эскертип, кандайдыр бир себептерден улам кыскартуу болгонун тушундуруп, азыркы кунде жетекчилик тарабынан каралып жатканын айтып, жакынкы арада бул маселе он жагына чечилип калаарына токтолду.

ТАПАНЧАДАН ОК АТУУ

Туштен кийинки окуу тапанчадан ок атуу боюнча откорулду. Тапанчадан ок атууну Окуу-машыгуу борборунун ага инс­пектору, милициянын майору И.Чалабаев кабыл алып, тапанчадан ок атаардын алдында кантип колдонуунун ыкмаларын тушундуруп, мындан кийин курал-жарак колдонуу боюнча теория жузундо ким билбесе, ал кызматкер зачет тапшырууга укугу жок экенин да айтты. Тапанчадан ок атуу уч багытта, биринчиси убакыт боюн­ча, экинчиси ок салуучу магазинди тез аранын ичинде алмаштырып атуу жана учунчусу чуркап баратып кыска убакыттын ичинде таамай атуу жаатында откорулду. Жыйынтыгында кызматкерлер арасында начар ок аткандар да болбой койгон жок.

ДЕНЕ-ТАРБИЯ ЖАНА KYЖYPMOH САМБО

Иш-чара эртеси да уланып, катышуучулар арасында кужурмон самбо боюнча практикалык сабак откорулуп, атайын даярдалган билеттер боюнча зачет кабыл алынды. Андан сон Б.Ахунжанов дене тарбия боюнча спорттун кыска жана узун аралыкка чуркоо, турникке тартынуу жа­на башка спорттун турлору боюнча зачет алды. Кийинки окууда алгачкы медициналык жардам корсотуу темасында ИИМдин медицина кызматкерлери тарабынан тео- риялык сабактар еткврулду.

СЕРТИФИКАТ ТАПШЫРЫЛДЫ 

Торт кунго созулган бул ишча­ранын жыйынтыгы ИИМдин ОМБнун “Динамо” спорт залында отуп, министр М. Турганбаевдин буйругунун негизинде “Дене-тарбия жана куралсыз озун-озу коргоо боюнча коомдук. нускоочу” наамынын тастыктамасын ар бир кызматкерге министрдин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов тапшырды. Ага улай Окуу-машыгуу борбору тарабынан иш-чаранын катышуучуларына спорттук кийимдерди, нормативдик актыларды жана кесиптик кызматтык даярдыкка тиешелуу иш кагаздарын тапшырышып, ушул иш кагаздар боюнча оздук курамга сабактар откерулуп тураары кеземелге алынаарын ОМБнын башчысы Торекул Мадалиев айтып отту.



Контактные телефоны ОО КФСО «Динамо»:
Приемная: (0312) 541924 (факс)
Директор Южного спорткомплекса: 54-57-67
Директор Северного спорткомплекса: 0772 31-16-61
Главный бухгалтер: 54-04-96
e-mail: kfsodinamo@mail.ru
Мы с социальных сетях:
    


Все права принадлежат КФСО ДИНАМО
Бишкек, 2012 - 2024 год